Активист Атай Бейшенбек да эки айга камалды
RU

Активист Атай Бейшенбек да эки айга камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда массалык баш аламандык уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деген шек менен кармалган саясатчыларга жана активисттерге карата баш коргоо чарасы каралды. Бүгүн, 25-октябрда сотко активист Атай Бейшенбек алынып келинди. Анын тарапкерлери "Атайга боштондук!" деп кыйкырышкан.

Кармалган жарандын 50гө жакын тарапташтары ошол жерде жүрүшөт.

Сот Атай Бейшенбекти эки айга – 2022-жылдын 20-декабрына чейин СИЗО-1ге калтырууну чечти.

Эске салсак, 22-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдан кийин саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар "Кемпир-Абадды коргоо" комитетин түзүшкөн. 23-октябрда эрте менен ушул түзүлгөн комитеттин бардык мүчөлөрүнүн үйүн тинтүү иштери жүрүп, убактылуу кармоочу жайга кармалган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бир канча саясатчы, кармалган активисттерге карата кылмыш ишин козгогон. Алар Массалык башаламандык уюштурууга даярданууда делип шектелүүдө.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9023