Кез келген эле интернет колдонуучуну жоопко тартылабы? Мыйзам долбоору иштелип чыкты
RU

Кез келген эле интернет колдонуучуну жоопко тартылабы? Мыйзам долбоору иштелип чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик аппарат 28-октябрга чейин "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Бул жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге гана эмес веб-сайттарга, блоггерлерге, активдүү интернет колдонуучуларга да тиешелүү.

"Адилет" юридикалык клиникасынын юристтери бул мыйзам доолбору жөнөкөй интернет колдонуучуларына кандай таасир этерин түшүндүрүштү.

Бардык веб-сайттарга тиешелүүбү?

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, адамдардын бардык чөйрөсүнө тиешелүү материалдар, билдирүүлөр маал-маалы менен жарыяланып турган веб-сайттар да камтылган.

Бул аныктама бир топ эле кеңири жана суроолорду жаратат. Башкача айтканда, сөз бир гана жаңылык сайттары жөнүндө болуп жатабы же бардык интернет сайттарга тиешелүүбү деген собол бар.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөр жөнүндө бүдөмүк түшүндүрмө

Мыйзам долбоору аркылуу блоггерлердин интернет желесиндеги ишмердүүлүгүн жөнгө салуу юристтердин тынчсыздануусун жаратууда. Анткени алардын ЖМКга тиешеси жок жана чындыгында блоггерлер документти жөнгө салуучу курал болбошу керек. Ал эми документте блоггерлер тууралуу эч кандай сөздүн жоктугу муну дагы бир жолу тастыктап турат. Мыйзам долбоорундагы ченемдерде жалпы талаптар, чектөөлөр камтылган. Бирок талаптар кайсы субъекттерге колдонула турганы көрсөтүлгөн эмес.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 3-пунктунда айтылат:

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле маалымат жана телекоммуникациялык тармактарда баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун, прекурсорлорун колдонуу иштеп чыгуунун, даярдоонун жана колдонуунун ыкмалары, сатуу жөнүндө маалыматтарды таратууга, аталган каражаттардын ар кандай артыкчылыктарын пропагандалоого, ошондой эле мыйзам тарабынан жайылтууга тыюу салынган башка маалыматтарды таратууга тыюу салынат.

Юристтер бир караганда бул жобо баңги заттарына байланышкан маселелерди жөнгө салгандай көрүнөт. Бирок ушул эле жободо маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарда башка маалыматтарды таратууга мыйзамдуу тыюу салынган экинчи эреже камтылганын белгилешет.

Блоггерлер жана интернет колдонуучулар үчүн кандай коркунучтар бар?

Биринчиден, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар социалдык баракчалардан тартып мамлекеттик кызматтардын расмий сайты өңдүү ар кандай интернет платформаларын өзүнө камтыгандыктан бул ченемдердин аймагы кеңири

Экинчиден, мыйзам тарабынан жайылтууга тыюу салынган (кайсы мыйзам боюнча тыюу салынганы көрсөтүлгөн эмес) бардык маалыматтар мамлекеттик структураларга сөз эркиндигинин ченемдерине, талаптарына тассир этүүчү курал катары колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Үчүнчүдөн, бул тыюу салуулар кайсы субъектке тиешелүү экендиги так көрсөтүлгөн эмес. Мындан улам мыйзам айтылган талаптарды бузгандардын барына тиешелүү дегенди туюндурат.

"Аталган мыйзам долбоору ЖМКнын, журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн гана жөнгө салуу менен чектелбейт, интернет айдыңында активдүү болгон колдонуучуларга да тийиштүү. Башкача айтканда, сунушталып жаткан мыйзам долбоору блогерлер, жарандык активисттер гана эмес интернетке кандайдыр бир жарыяларды жасаган, балким, репост жана лайк баскан башка интернет колдонуучуларга да таасир этет. Эгерде интернет желесине чыккан билдирүүлөрдүн мазмунунда жаңы мыйзам долбоору жана башка мыйзам тарабынан тыюу салынган маалыматтар камтылса анда жарыяланган билдирүү мамлекеттик органдар тарабынан сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу катары бааланып, белгилүү бир кесепеттерге алып келиши мүмкүн", - дешет "Адилет" укук коргоо уюмунун юристтери.

Мыйзам долбоорунун аталышы карапайым жарандардын эч кандай кызыкчылыгын, чочулоосун туудурбаганы менен документтин мазмунунда ар бир адамга тиешелүү жана бүтүндөй коом үчүн мааниге ээ экендиги айтылат.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9025