Медиа коомчулук "Азаттык" сайтына коюлган бөгөттү алууну талап кылат
RU

Медиа коомчулук "Азаттык" сайтына коюлган бөгөттү алууну талап кылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык" сайтын убактылуу жабуу чечими менен "Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамды одоно бузган дешет медиа коомчулуктун өкүлдөрү. Журналисттер жана эксперттер мыйзамсыз чечимди тез арада артка алууну талап кылышууда.

Медиа коомчулуктун кайрылуусу:

"Министрликтин "Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга таянуу менен "Настоящее время" булагына (Азаттык медиасынын ведомстволук түзүмү) 16-сентябрда жарыяланган "Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында катуу салгылашуулар | ASIA" деп аталган видеоматериалды өчүртүү чечими мыйзамдуу негиздерге жатпайт. Албетте, Азаттык" сайтынын ишмердүүлүгүнө убактылуу бөгөт коюу толук түрдө мыйзамсыз.

"Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамда ыйгарым укуктуу органга, башкача айтканда, Маданият министрлигине соттун мыйзамдуу чечими жок эле көз карандысыз ЖМКларды өзүм билемдик менен жабууга мүмкүндүк берген өтө кеңири, бүдөмүк жана адилетсиз нормалар камтылган.

Маданият министрлиги "Азаттыкка" бөгөт коюу чечими менен бул бүдөмүк нормаларды камтыган мыйзамды да бузууга жетишти. Министрликтин мындай "өз убагындагы" чечими Кыргызстан үчүн сөз эркиндигинин жана ЖМКлардын эркиндигинин маанилүүлүгүн байма-бай айтып жүргөн президент Садыр Жапаровду бүгүн, 27-октябрда Астанада өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин биринчи жолугушуусунда өтө ыңгайсыз абалга калтырат.

Маданият министрлиги эмнеден ката кетирди? "Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, "ар бир адам ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген такталбаган (жалган) маалымат таркатылган деп эсептесе сайттын ээси же интернеттеги сайттын баракчасынын ээси менен байланышууга, баракчадан же сайттан жалган (жалган) маалыматты токтоосуз (талап коюлган учурдан тартып 24 сааттын ичинде) алып салууну жана мурда жайгаштырылган жалган (жалган) маалыматты төгүндөгөн маалыматтарды жайгаштырууну талап кылууга укуктуу". Демек, бул мыйзам юридикалык же жеке жактардын ар-намысын жана кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо маселелерин гана жөнгө салат.

Эгерде сайттын ээсинен 24 сааттын ичинде тиешелүү жооп келбесе анда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтому менен кабыл алынган мыйзамга жана жол-жоболорго ылайык, арызды кароочу ыйгарым укуктуу органга - Маданият министрлигине кайрылуу керек. Арыз 48 сааттын ичинде каралат.

Демек, бул жарандардын же юридикалык жактардын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген жалган маалымат таратты деген өтүнүчү менен сайтты жабууга болот дегенди туюндурат.

Ал эми "Азаттык" сайты боюнча министрликке мындай кайрылуу болгон эмес.

Болгону Маданият министрлигинин 24-октябрдагы "Азаттыкка" койгон талабында видеоматериалды сайттан эмес YouTube социалдык тармагынан алып салуусу жазылган. Бул катта министрлик арыз ээсин так көрсөткөн эмес, анткени ал жок.

Маданият министрлигинин мындай аракети "Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын нормаларын гана эмес ошондой эле министрлер кабинети тарабынан бекитилген туура эмес (жалган) маалыматты алып салуу, такталбаган (жалган) маалыматтын таркатылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин даттануу тартибин да бузат.

Министрлик 17-сентябрдагы катка "Азаттык" жооп бербегенин, аталган катта Баткен окуясын чагылдырууда мыйзамды сактоо өтүнүчү гана камтылганын, бирок маалыматка конкреттүү дооматтар айтылган эмес деп адаштырууда.

Бул жерде көңүл буруучу жагдай - министрликтин сайтты жабуу боюнча талаптары мыйзамдын формалдуу негиздерине да ылайык келбейт. Сот адилеттигинен айланып өтүп, ЖМКга өзүм билемдик менен бөгөт коюу - Кыргызстанда тыюу салынган цензура десек болот. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, басма сөз жана ЖМКнын эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынат.

"Азаттык" сайтынын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу чарасы - жаңы мыйзамдын түпкү максаты бийликтин иш-аракеттерине мониторинг жасап, аны элге жеткирген ЖМКларга административдик цензураны орнотуу экенин дагы бир жолу далилдейт деп эсептейбиз.

Учурдан пайдаланып "Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам бир катар бузуулар менен кабыл алынганын белгилеп өтүү маанилүү.

Жогоруда атйылгандарды эске алуу менен сөз эркиндигине жана басма сөз эркиндигине болгон массалык кысымды токтотууга, өз оюн эркин билдирген журналисттерди, блоггерлерди, жарандык активисттерди жана башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну токтотууга чакырабыз! Өзгөчө аялдарды, энелерди камоону токтоткула! Мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарынан адам укуктарын жана эркиндиктерин бузбаган мыйзамдуу, негиздүү чечимдерди кабыл алууну талап кылабыз! Сөз эркиндигин жана маалымат каражаттарын чектөө боюнча мыйзам чыгаруу демилгелерин токтотууну талап кылабыз! Ошондой эле соттун чечими жок эле ЖМКларды жабууга мүмкүндүк берген мыйзамдын күчүн жоготкон мыйзам долбоорун демилгелөөгө чакырабыз! Анткени, мамлекет башчысы Садыр Жапаров "Кыргызстан сөз эркиндигинин жана демократиянын принциптерин сыйлаган эркин өлкө" деп такай белгилеп келет".

Кайрылуу жасаган уюмдар жана жарандар:

  • "Медиа Полиси Институту" коомдук фонду;
  • Kaktus.media;
  • Kaktus.kg;
  • Bilesinbi.kg;
  • Temirov Live редакциясы;
  • "Айт Айт Десе";
  • Болот Темиров;
  • "24.kg" маалымат агенттиги;
  • Асел Оторбаева;
  • Махинур Ниязова;
  • Журналисттик иликтөө фонду;
  • Аделя Лаишова;
  • Тынымгүл Эшиева;
  • Эльмира Ногойбаева;
  • Көз карандысыз журналисттер кеңеши;
  • Медиа өнүктүрүү борбору;
  • Factcheck.kg;
  • Салима Капар;
  • Дмитрий Ложников;
  • "Апрель" редкциясы;
  • NEXT-TV телеканалы;
  • "Арча Медиа" редакциясы;
  • Дилбар Алимова;
  • "ПолитКлиника";
  • Ярослав Тартыков;
  • Дарья Подольская;
  • Лейла Саралаева, "Новые лица" редакциясы.

Тизме толукталат.

Белгилесек, 26-октябрда Маданият министрлиги "Азаттык" жана Current Time сайттары эки айга убактылуу жабылганын билдирди.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9054