"Азаттык Медиасынын" ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду
RU

"Азаттык Медиасынын" ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" сайтынын ишмердүүлүгүн эки айга токтотту. Министрликтен белгилешкендей, мындай чара өлкөнүн маалымат мейкиндигинде улуттук кызыкчылыктарга каршы келген ишенимсиз материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалымат) байланыштуу колдонулду.

Министрлик 2022-жылдын 16-сентябрында "Настоящее время" булагында (Азаттык медиасынын ведомстволук түзүмү) "Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында катуу салгылашуулар | ASIA" деп аталган видеоматериал бар экенин аныктаган. Анда эфирде кастык маанайдагы сөздөр камтылган. Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда кыргыз тараптын Тажикстанга кол салуусу тууралуу такталбаган маалыматтар, коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандарды жек көрүүнү, басмырлоону жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар колдонулган.

Буга байланыштуу министрлик 17-сентябрда "Азаттык медиага" ЖМК чөйрөсүндөгү мыйзам нормаларын так сактоо жана Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн.

Бирок бул кайрылуу көңүл сыртында калып, "Азаттык Медиа" жооп бербей, тиешелүү чараларды көргөн эмес.

Ушундан улам Кыргыз Республикасынын "Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, министрлик 24-октябрда (№12-3/6873) "Азаттык медиага" 24 сааттын ичинде аталган материалды алып салуу боюнча кат жөнөткөн.

Жооп катары "Азаттык Медиа" мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өздөрүнүн платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок ушул күнгө чейин видео өчүрүлө элек.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде "Азаттык медиа" веб-сайтынын ишин 2 айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9039