Орозайым Нарматованын кармалганы айтылууда. Ал "акыркы катым" деп билдирүү жасады
RU

Орозайым Нарматованын кармалганы айтылууда. Ал "акыркы катым" деп билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Орозайым Нарматованын кармалганын социалдык тармактын колдонуучулары айтып чыгышты. Ага улай эле Нарматова Facebook баракчасына билдирүү калтырды. Нарматова бул анын акыркы каты экенин айтып, өлкөдө болуп жаткан адилетсиздикке карап отура албаганын белгиледи.

"Кадырман кыргыз элимден менин 71 жаштагы атама кайрат тилеп, уул-кыз болуп берүүңүздөрдү суранам. Анткени атамдын жалгыз уулу мындан 1 жыл мурда миграцияда жүрүп жүрөгү ооруп каза болгон. Апам да мындан 3 жыл мурда чын дүйнөгө сапар алган. Атамдын ден соолугун каратып Москвада жүрдүм эле.

Тилекке каршы, Кыргызстандагы адилетсиздикке унчукпай карап олтура албадым, абийирим чыдаган жок. Өз оокатымды кылып, жыргап-куунап жүрө берсем болмок. Бирок мен үчүн чындык барынан бийик турат, менин жүрөгүм, намысым, абийирим чыдаган жок унчукпай олтурганга.

Мага бийлигинин да байлыгынын да кереги жок, мага тек гана мамлекетибиздин жаркын келечеги керек. Өлсөм апамдын жанына барам, анткени апам жок, бир тууганым жок бул дүйнө ансыз деле мага тозок болуп калган. Апамды эстеген сайын эзилем, жашагым деле келчүү эмес, себеби эне орду орду толгус жоготуу экенин 3 жылдан бери сезип келем.

Ошондуктан эч качан мен тууралуу жаман ойго барбаңыздар. Кызматка же акчага кул болсом башкача жашоо тандамакмын.

Президенттин иниси чакырганда бармакмын кызматташууга. Менин мандатымды алып койгондо да, агам өлгөндө камаганда да кайгырган эмесмин. Анткени, жакыныңды жоготтуудан өткөн кайгы жок. Менин суранычым, Кудай жанымды алса апамдын жайына жакын коюңуздар. Бул дүйнөнүн ыпластыгынан, саткынчылыгынан, коркоктугунан жана адамдык абийирин кечип койгонунан тажадым. Ушундай учурда да эч кимди каргабайм, эч кимди күнөөлөбөйм анткени менин тандоом апам айткандай, башыма кылыч келип турса да чындыкты болду. Сиздерди ойго салган, санаага салган чыканактай кызыңыздар Орозайымдан акыркы кат…", - деп айтылат билдирүүдө.

Текебаевге кол салуу (11 статей)
Блогер Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды
26 Октябрь 2022, 19:36
Токмоктогу мал базарда аксакалдын 120 миң сомун уурдоого шектүү аныкталды
25 Октябрь 2022, 16:58
Сот айрым саясатчыларды 2 айга камакка алды
25 Октябрь 2022, 08:24
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9059