Токмоктогу мал базарда аксакалдын 120 миң сомун уурдоого шектүү аныкталды
RU

Токмоктогу мал базарда аксакалдын 120 миң сомун уурдоого шектүү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарындагы мал базарда аксакалдын 120 миң сомун уурдоого шектүү колго түшүрүлдү. Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан билдиришкендей, 39 жаштагы жаран келтирилген чыгымды толук төлөп берди.

Маалым болгондой, окуя 16-октябрда саат 09:00 чамасында болгон. Анда мал базарда жүргөн 79 жаштагы аксакалдын 120 миң сомун уурдап кетишкен. Базардагы кайдыгер эмес адамдар акча чогултуп, карыяга беришкен.

Бул факты боюнча Токмок ШИИБи тарабынан сотко чейинки териштирүү иштери башталган. 17-октябрда жабырлануучунун үйүнө милиция кызматкерлери барышып, окуянын чоо-жайын такташкан. Анда аксакал уулунун ашына мал алайын деп базарга барганын, белгисиз адамдар акчасын уурдап кеткенин айтып арыз жазган.

Арыздын негизинде "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин жүрүшүндө 39 жаштагы Токмок шаарынын тургуну шектүү катары кармалды.

Шектүү учурда Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайында.

Кармалган адам келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында тергөө органдары аркылуу 120 миң сом которду. Тергөө иштери улантылууда.

Текебаевге кол салуу (11 статей)
Орозайым Нарматованын кармалганы айтылууда. Ал "акыркы катым" деп билдирүү жасады
27 Октябрь 2022, 21:05
Блогер Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды
26 Октябрь 2022, 19:36
Сот айрым саясатчыларды 2 айга камакка алды
25 Октябрь 2022, 08:24
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9022