Тилектештик акциясы: Kaktus.media саат 12:00гө чейин жаңылыктарды чыгарбайт
RU

Тилектештик акциясы: Kaktus.media саат 12:00гө чейин жаңылыктарды чыгарбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы эркин медиаларга карата болуп көрбөгөндөй кысымдын күчөшүнө байланыштуу 28-октябрда ЖМКларга жасалып жаткан кысымга каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык кампания башталат.

28-октябрда Blackout Day жарыяланып, медиалардын баары бир учурда саат 9.00дөн 12.00гө чейин бир дагы жаңылык чыгарбайт.

Ошондой эле, редакциялар мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин бир сутка бою жарыялоодон баш тартышат.

Эске салсак, КРнын маданият жана маалымат министрлиги "Азаттыктын" сайтынын ишин токтотуу боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алган. Кыргызстандын медиакоомчулугу бийликти сөз эркиндигине, басма сөз эркиндигине карата кысымды жана журналисттерге, блогерлерге, жарандык активисттерге жана башка өз пикирин эркин айткан жарандарга карата кылмыш куугунтугун токтотууга чакырат.

Биз бардык кесиптештерди бул акцияга кошулууга чакырабыз, себеби, бул бөгөт коюу эртең ар бирибиздин башыбызга келиши мүмкүн.

Жарыялоо үчүн медиакоомчулуктун билдирүүлөрү:

https://media.kg/news/minkultury-narushilo-zakon-reshiv-zablokirovat-sajt-azattyka-mediasoobshhestvo (https://media.kg/news/minkultury-narushilo-zakon-reshiv-zablokirovat-sajt-azattyka-mediasoobshhestvo/)/

Түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн, ЖМКга карата болуп көрбөгөндөй жана мыйзамсыз кысым тууралуу материалдарды жарыялоо үчүн өз аянтчаларыңыздарды максималдуу пайдаланууңуздарды суранабыз.

Бул кампанияга Кыргызстандын алдыңкы журналисттери, редакциялары, укук коргоочулары, инвлюенсерлери жана медиа уюмдары кошулду.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9060