Таласта 2 миңдей адам Айбек Бузурманкуловду бошотуу өтүнүчү менен президентке кайрылышты
RU

Таласта 2 миңдей адам Айбек Бузурманкуловду бошотуу өтүнүчү менен президентке кайрылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кармалган активист Айбек Бузурманкуловду бошотуу өтүнүчү менен Талас облусунун тургундары Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

"Биздин уулубуз, инибиз болгон Айбек Бузурманкулов боюнча кайрылып жатабыз. Аны бошотуу өтүнүчүн келтиребиз. Айбектин келечеги кең. Ал биздин облустун экс-губернатору болгон. Жаштар арасындагы лидер, жаштар партиясын жетектеген. Ал келечекте биз үмүт кылган жаш кадрлардын бири", - дейт эмгек сиңирген артист Намазбек Шеркулов.

Айбек Бузурманкуловдун облустун жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымын эске алып аны бошотууну 2000 кишинин атынан суранабыз.

Тургундар активисттин жакын арада бошотуларынан үмүт кылышат.

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Камакка алынгандар:

  • Акылбек Айтбаев.
  • Айданбек Акматов.
  • Нурлан Асанбаев.
  • Бектур Асанов.
  • Атай Бейшенбек.
  • Азимбек Бекназаров.
  • Эрлан Бекчороев.
  • Айбек Бусурманкулов.
  • Гулнара Журабаева.
  • Кеңешбек Дүйшебаев.
  • Равшан Жээнбеков.
  • Кубанычбек Кадыров.
  • Рита Карасартова.
  • Чынгыз Капаров.
  • Таалайбек Мадеминов.
  • Улукбек Маматаев.
  • Жеңиш Молдокматов.
  • Асия Сасыкбаева.
  • Клара Сооронкулова.
  • Перизат Суранова.
  • Али Шабдан
  • Марат Баязов.
  • Канат Исаев.

Талант Эшалиевге карата сот сырттан баш коргоо чарасын – үй камагын тандады. Андан сырткары Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалды.

Канат Исаевден башкасы "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Анын иши "жашыруун" деп белгиленген.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9203