Ачкачылык жарыялаган активист 21 килограммга арыктады
RU

Ачкачылык жарыялаган активист 21 килограммга арыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалган активист Нурлан Асанбеков ачкачылык жарыялап, 21 килограмм салмак таштады. Анын жактоочусу Алия Сагитова билдиргендей, кургак ачкачылыктан Асанбековдун уйку безинин оорусу күчөдү.

Жактоочу баса белгилегендей, Нурлан Асанбеков бир үйдүн жалгыз табышкери, багуучусу.

"Анын ДЦП менен жабыркаган кызы бар, мурдагы аялы ата-энелик укуктан ажыратылган. Экинчи никесинен кызы бар. Кыздын бир айлык алиментине 15 миң сомдой керектелет. Азыр церебралдык шал оорусу менен жабыркаган кыз Асанбековдун апасынын көзөмөлүндө. Анын катарактасы бар, көрө албайт. Эки адам жардамга муктаж, алар камсыздандырылган жок", - деди жактоочу.

Алия Сагитова буга чейин Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетке Асанбековдун эч кандай тиешеси жок экенин айткан. Ал болгону Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоп-түзөө иштерин жасаганын белгилеген.

Белгилесек, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Камакка алынгандар:

  • Акылбек Айтбаев.
  • Айданбек Акматов.
  • Нурлан Асанбаев.
  • Бектур Асанов.
  • Атай Бейшенбек.
  • Азимбек Бекназаров.
  • Эрлан Бекчороев.
  • Айбек Бусурманкулов.
  • Гулнара Журабаева.
  • Кеңешбек Дүйшебаев.
  • Равшан Жээнбеков.
  • Кубанычбек Кадыров.
  • Рита Карасартова.
  • Чынгыз Капаров.
  • Таалайбек Мадеминов.
  • Улукбек Маматаев.
  • Жеңиш Молдокматов.
  • Асия Сасыкбаева.
  • Клара Сооронкулова.
  • Перизат Суранова.
  • Али Шабдан
  • Марат Баязов.
  • Канат Исаев.

Талант Эшалиевге карата сот сырттан баш коргоо чарасын – үй камагын тандалган. Андан сырткары Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалып, СИЗОго киргизилген.

Канат Исаевден башкасынын иши "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Исаевдин иши "жашыруун" деп белгиленген.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9238