Өзбекстандын парламенти Кемпир-Абад боюнча келишимди ратификациялады
RU

Өзбекстандын парламенти Кемпир-Абад боюнча келишимди ратификациялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандын парламенти (мыйзам чыгаруу палатасы) Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди ратификациялады. Документти үч окууда 100дөн ашык депутат жактырышты.

Коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов сүйлөшүүлөр узак жана оор болгонун белгиледи.

"Чек ара кылдаттык менен такталып, бир нече жолу өкмөттөр аралык жолугушуулар өтүп, архивдик документтер каралгандан кийин гана сунуштар даярдалды. Кыргызстан менен достук мамилени чыңдоо боюнча президентибиздин демилгесинин негизинде узундугу жалпы 302 чакырымды түзгөн, мурда чечилбей келген 35 участокту тактоо процесси акыркы баскычка жетти. Биз бул келишимге беш жылдан ашык убакыт жумшадык. Бүгүн сиздерге сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен тастыкталган келишим биз үчүн оңой болгон жок. Кол коюлган документ биздин республика үчүн стратегиялык маанидеги бир катар көйгөйлөрдү чечет", - деген Арипов.

Белгилесек, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Камакка алынгандар:

  • Акылбек Айтбаев.
  • Айданбек Акматов.
  • Нурлан Асанбаев.
  • Бектур Асанов.
  • Атай Бейшенбек.
  • Азимбек Бекназаров.
  • Эрлан Бекчороев.
  • Айбек Бусурманкулов.
  • Гулнара Журабаева.
  • Кеңешбек Дүйшебаев.
  • Равшан Жээнбеков.
  • Кубанычбек Кадыров.
  • Рита Карасартова.
  • Чынгыз Капаров.
  • Таалайбек Мадеминов.
  • Улукбек Маматаев.
  • Жеңиш Молдокматов.
  • Асия Сасыкбаева.
  • Клара Сооронкулова.
  • Перизат Суранова.
  • Али Шабдан
  • Марат Баязов.
  • Канат Исаев.

Талант Эшалиевге карата сот сырттан баш коргоо чарасын – үй камагын тандалган. Андан сырткары Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалып, СИЗОго киргизилген.

Канат Исаевден башкасынын иши "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Исаевдин иши "жашыруун" деп белгиленген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9273