SuperTVнын кабарчысын сабаганга шектүүлөрдүн бири СИЗОго киргизилди
RU

SuperTVнын кабарчысын сабаганга шектүүлөрдүн бири СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

SuperTV каналынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду сабаганга шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул туурасында Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, шектүү катары 2000-жылы туулган А.К. кармалган. Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан экинчи шектүүнүн дарегин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө жана издөө иш-чаралары улантылууда.

Эске салсак, 26-октябрда белгисиз адамдар Бактурсун Жоробековду сабап кетишкен. Андан тышкары физикалык күч колдонуу менен уюлдук телефонун жана 3 миң 500 сом өлчөмүндөгү акчасы бар капчыгын тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты 206-берене (Каракчылык) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Ал эми Жоробеков ооруканага жатып, дарыланып чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9397