Актёр Чыңгыз Мамаевдин иши кошумча тергөөгө жөнөтүлдү
RU

Актёр Чыңгыз Мамаевдин иши кошумча тергөөгө жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Актёр Чыңгыз Мамаев шектелип жаткан зордуктоо боюнча иш кошумча тергөөгө жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Свердлов райондук сотунун чечими менен 22-ноябрда Мамаевге карата иш тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн Свердлов РИИБине жөнөтүлгөн.

Ал эми Чыңгыз Мамаев дагы деле камакта.

Эске сала кетсек, белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап, актёр 30-августка чейин камакка алынган. Андан бери соттук отурумдар белгиленип, улам кийинкиге калтырылып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9512