Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин жубайы: Өнөкөт оорулары козголо баштады
RU

Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин жубайы: Өнөкөт оорулары козголо баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Зордуктоого шектелип камакка алынган актёр Чыңгыз Мамаевдин соту дагы жылдырылып, 12-сентябрга белгиленди. Актёрдун оорулары козголуп жатканын анын жубайы Элмира Тагаева SUPERTV`га айтты.

"5 айдан бери аябай кыйналып кеттик. Жабырлануучу делинген немис аял Германияга кетип калган. Байланышка да чыкпай жаткан, ал келсин деп сот процесси жылып жатты. Келем дептир, келсе анан сот иштери уланат. Мен Чыңгызды аяп жатам. Аны мынчалык кармап отургудай шумдук бир кылмышкер же коркунучтуу адам эмес. Айтайын дегеним, бир адамдын тагдырын талкалап албайлы. Мен Чыңгызга ишенем, ал жалган жалаа менен отурат. Чыңгыздын ден соолугу кетип калды, ооруп жатат. Өзүнүн да өнөкөт оорулары бар, ошолору козголуп жатат", - деди ал.

Эске сала кетсек, белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап, актёр 30-августка чейин камакка алынган. Андан бери соттук отурумдар белгиленип, улам кийинкиге калтырылып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8267