Тажикстандын кол салуусу. Баткен, Ош облустарындагы 298 тургундун насыясы жоюлду
RU

Тажикстандын кол салуусу. Баткен, Ош облустарындагы 298 тургундун насыясы жоюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын 14-17-сентябрында Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы тургундардын ичинен 298нин насыясы жоюлду. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, 1-декабрга карата Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган 474 карыз алуучу финансылык-кредиттик уюмдарга кайрылган. Анын ичинен 298 насыя же 19 миллион 974 миң сом жоюлса, 38 миллион 430 миң сомдук 170 насыя реструктуризацияланган.

Учурда финансылык-кредиттик уюмдар аталган аймактарда жабыркаган насыя алуучулардын бардык арыздарын кароону улантууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Улуттук банк куралдуу кагылышта жабыркагандардын 18 миллион 883 миң сом суммасына барабар болгон 268 насыясы жоюлганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9534