Бишкекте окуучулар 9-10-декабрь күндөрү онлайн окушат. Себеби
RU

Бишкекте окуучулар 9-10-декабрь күндөрү онлайн окушат. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектептерде окуу процесси 2 күнгө онлайн форматка өттү. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, борбор калаада өтчү Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу жолдор маал-маалы менен жабылат. Ошондой эле коомдук транспорттордун каттамына чектөө киргизилет

"Ушуга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу максатында 9-10-декабрь күндөрү окуучулар онлайн окушат", - дешти башкармалыктан.

Бүгүн, 9-декабрда борбор калаадагы 11 мектепте (№32, 45, 51, 65, 67, 52, 23, 11, 4 жана 62) жардыруучу зат бар экени айтылып, билим берүү мекемелери курчоого алынып, текшерүү жүргүзүлдү.

Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан айрым мектептерде жардыруучу зат бар делинген маалыматтар жалган экенин кабарлашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9555