Аламүдүн районунда 6 мектеп карантинге жабылды
RU

Аламүдүн районунда 6 мектеп карантинге жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курч респиратордук вирустук инфекциядан улам Чүй облусунун Аламүдүн районунда 4 мектеп карантинге жабылды. Маалыматты окуучулардын ата-энелери ырасташты.

Алдын ала маалыматка ылайык, 17-декабрга чейин Лебединовка жана Төмөнкү Ала-Арча айылдарындагы мектептер карантинге жабылды:

  • Лебединовкадагы №1 жана №2 орто мектептери;
  • Төмөнкү Ала-Арча орто мектеби;
  • Ала-Арча орто мектеби.

Билим берүу жана илим министрлигинен Аламүдүн районунда дагы 2 орто мектеп карантинге жабылганын кошумчалашты.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекциянын өсүшү байкалууда. Мындан улам Бишкек шаардык мэриясы калкты беткап тагынууга чакырат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билим берүү мекемелеринде санитардык-эпидемилогиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, алардын маалыматынын негизинде карантин киргизилет же жок деген чечим кабыл алынарын билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9586