Мэрия жарандарды беткап тагынууга чакырат
RU

Мэрия жарандарды беткап тагынууга чакырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, курч респиратордук вирустук инфекциянын өсүшү байкалууда. Мындан улам Бишкек шаардык мэриясы калкты беткап тагынууга чакырат.

"Борбор калаанын муниципалитети вирус жайылып кетпеши үчүн беткап тагынууну сунуштайт. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияны көзөмөлдөө кыйын бойдон калууда. Себеби вирустардын жугуу темпи жогорулап, вирустардын түрлөрү өзгөрмөлүү болууда", - дешет мекемеден.

Эпидемиялык мезгилде жөнөкөй эрежелерди сактоо керек:

  • колдун гигиенасын сактоо, самындап жууп туруу, дезинфекциялоочу майлыктарды колдонуу;
  • сиз көп тийген жерлерди (столдор, отургучтар, эшиктин туткалары ж.б.) атайын каражаттар менен тазалоо жана дезинфекциялоо;
  • чүчкүргөндө же жөтөлгөндө оозду жана мурунду бет аарчы менен жабуу;
  • эл көп топтолгон жерлерге баруудан жана саякаттоодон алыс болуу;
  • сергек жашоо образын кармануу (жетиштүү уйку жана тамактануу, оптималдуу физикалык активдүүлүк);
  • зарыл болсо дарыгерге кайрылып, анын бардык сунуштарын так аткаруу;
  • мүмкүн болушунча үй жаныбарлары менен, айрыкча балдар менен байланышты чектөө;
  • бөлмөнү желдетип туруу;
  • дары-дармектерди дарыгердин көрсөтмөсү боюнча гана колдонуу.

Ошондой эле шаардык башкармалыктан балдарда оорунун белгилери байкалса үйдө калып, мектепке, бала бакчага жөнөтпөөнү кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9582