Мектептерди карантинге жабуу текшерүүдөн кийин кабыл алынат
RU

Мектептерди карантинге жабуу текшерүүдөн кийин кабыл алынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media`га борбор калаадагы мектептердин биринде иштеген мугалим кайрылды. Ал билим берүү мекемелеринде ооругандар көп экенин айтат.

"Мугалимдердин, окуучулардын көбү ооруп жатышат. Саламаттыкты сактоо кызматындагылар эмнеге карантин киргизгендин ордуна ооругандардын көбөйүшүн күтүп жатышат?", - дейт ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул маселе каралып жатканын, учурда билим берүү мекемелеринде санитардык-эпидемилогиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери иштеп жатканын билдиришти. Алардын маалыматынын негизинде мектептерде сабактарды максаттуу жабуу жана карантин боюнча чечим кабыл алынарын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, өлкөдө сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын саны өсүүдө.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9578