Кандай учурда мектептер, бала бакчалар карантинге жабылат?
RU

Кандай учурда мектептер, бала бакчалар карантинге жабылат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абалга күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Ага ылайык, окуучулардын 20 пайызы сабакка барбай жатса карантин киргизүү маселеси каралат дешет аталган департаменттен.

"Эгерде балдардын 20 пайыздан ашыгы билим берүү мекемелерине барбай калса, анда райондук/шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун башкы дарыгерлери, билим берүү бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карантин киргизүүнү сунуштай алышат", - дешет мекемеден.

Саламаттыкты сактоо министрлиги сактоо министрлиги сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдардын катышуусундагы маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартууну сунуштайт.

Ошондой эле министрлик профилактикалык иш-чараларды күчөтүү жана калк арасында оорунун жайылышын көзөмөлдөө максатында сасык тумоого каршы 82 миң 577 доза "Гриппол плюс" вакцинасын сатып алынганын билдирди.

Вакцина өнөкөт оорусу барларга, тез-тез ооруган балдарга, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, интернаттардын тарбиялануучуларына, кош бойлуу аялдарга, медицина кызматкерлерине каралган. Эмдөө бекер.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-декабрда Аламүдүн районунда 6 мектеп карантинге жабылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9588