"Жакшылыкта жолугушабыз деп ишенем". Азиз Мурадиллаев ооруканадан кайрылуу жасады
RU

"Жакшылыкта жолугушабыз деп ишенем". Азиз Мурадиллаев ооруканадан кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боорунан жабыркап жаткан актёр Азиз Мурадиллаев ооруканадан кайрылуу жасап, элге, президентке ыраазычылыгын айтты. Анын видео кайрылуусун коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жарыялап, чет өлкөгө качан кетерин айтты.

"Актёрго эжеси Орозгүл (тууганчылык боюнча төртүнчү муундун өкүлү) донор болууга даяр. Бирок Түркиядан этикалык комиссиядан өтүшү керек. Комиссия 30-декабрда болот экен. Бул комиссия болбосо боорун алмаштырууга мүмкүн эмес. Анан калса клиника бейтапты кабыл албайт", - дейт ал.

Коомдук ишмер бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрыларын кошумчалады.

Белгилесек, 3-декабрда актёр оор абалда ооруканага түшүп, ага кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган. Анын боорун алмаштыруу керек болуп, операцияга 45 миң доллар кажет экени кабарланган.

Кийинчерээк атайын эсеп ачылып, кайрымдуу жарандардан 3 миң доллардан ашык каражат топтолгон. Ассоль Молдокматованын демилгеси, кайрылуусунан кийин президент Садыр Жапаров актёрдун операциясына 42 миң доллар берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9595