Азиз Мурадиллаевге Түркиядан операция жасалат. Ага жакындары гана донор боло алат
RU

Азиз Мурадиллаевге Түркиядан операция жасалат. Ага жакындары гана донор боло алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин бооруна Түркиядан операция жасалат. Ага донор болчу 4 адам анализ тапшырууга даярданып жатканын коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Молдокматова белгилегендей, Азиз Мурадиллаевдин үй-бүлөсү тилектештик кылгандарга, кабатыр болгондорго ыраазычылыгын айтышты.

"Эки күн аралыгында донор болобуз деп миңдеген адам кайрылышты. Бирок Азиз Мурадиллаевге Түркиядагы клиникадан операция жасала турган болду. Ал жактын талабына ылайык, жакын тууганы гана донор боло алат экен. Ушуга байланыштуу актёрдун туугандарынан 4 адам анализ тапшырат. Учурда Азиз Мурадиллаев аз-аздан тамак жеп баштады. Сиздерге ыраазычылыгын айтууда. Ак халатчандарга да ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилесек, 3-декабрда актёр оор абалда ооруканага түшүп, ага кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган. Анын боорун алмаштыруу керек болуп, операцияга 45 миң доллар кажет экени кабарланган.

Кийинчерээк атайын эсеп ачылып, кайрымдуу жарандардан 3 миң доллардан ашык каражат топтолгон. Ассоль Молдокматованын демилгеси, кайрылуусунан кийин президент Садыр Жапаров актёрдун операциясына 42 миң доллар берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9537