Кыргызстан боюнча бардык мектептер карантинге жабылды
RU

Кыргызстан боюнча бардык мектептер карантинге жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы бардык мектептерге 16-декабрдан тартып карантин киргизилди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Надира Жусупбекова билдирди.

Парламентте депутат Марат Мураталиев бардык мектептерди карантинге жабууну сунуштады. Ал окуучулар толук сакайып кетиши үчүн мектептерди бир-бирден эмес жапырт жабуу керектигин белгиледи.

Ал арада министр Жусупбекова республикадагы бардык мектептер карантинге жабыларын айтты.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинен кат келди. Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын саны жогорку чекке жетиптир. 24-декабрга чейин бардык мектептер онлайн сабак берүүгө өтөт", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9624