Камактагы мөөнөтү узартылган айымдар ачкачылык жарыялашты
RU

Камактагы мөөнөтү узартылган айымдар ачкачылык жарыялашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад боюнча камакка алынган айымдар бүгүн, 14-декабрдан тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашат. Бул туурасында Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова, Орозайым Нарматованын ачык кайрылуусунда айтылат.

"Бизди ачкачылык акциясын баштоого түрткөн негизги себеп - саясатчылардын, активисттердин, журналисттердин жана блогерлердин кеңири чөйрөсүнө карата жасалган массалык саясий репрессиялар, негизсиз кылмыш иштерин козгоо, адилетсиздик жана мыйзамсыздык.

2022-жылдын 23-октябрынан бери биз куугунтуктоо максатында ашынган, оор кылмыш – массалык башаламандык уюштурууга даярданган деген айыптын негизинде абакта отурабыз.

Сөз эркиндигине, биригүү эркиндигине, тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине болгон укукту мыйзамдуу түрдө ишке ашыруу тергөө органдары тарабынан кылмыштуу аракет катары таанылып, ошол эле учурда 23-октябрдан бери тергөө органдары айыпталуучуларга карата эч кандай тергөө амалдарын жүргүзбөгөнү, кылмыш ишинини негизсиз экенин ачык эле тастыктап турат.

Ага карабастан Биринчи Май райондук соту бизди камакта калтырууну 2023-жылдын 22-февралына чейин узартты.

Кыргызстандын жетекчилиги биздин укуктарыбыз менен эркиндигибизди басмырлоого, саясий оппозицияны куугунтуктоо менен Кыргыз мамлекетинин демократиялык негиздерин системдүү түрдө талкалап жатканын, биздин республикада президенттик авторитаризм эле орноп калбастан, анын эң жаман көрүнүшү - террористик ыкмаларга таянган заалимдик формасы орун алууда.

Ал эми бүгүнкү күндө биз, Кыргызстандын саясий туткун айымдары, жеке укуктарыбыз жана эркиндиктерибиз гана эмес, жалпыга таандык демократиялык баалуулуктар жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн күрөшүүнүн жалгыз, акыркы мүмкүнчүлүгү катары ачкачылык жарыялоону гана көрүп жатабыз.

Ачкачылыктын мүмкүн болуучу кесепеттери үчүн президенти Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана алардын мыйзамсыз буйруктарын унчукпай аткарган тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор жооптуу деп эсептейбиз, - деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, 13-декабрда биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган активисттердин, саясатчылардын бөгөт чарасы каралып, камактагы мөөнөтү узартылган.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9598