Кыргызстан ыш менен күрөшүү үчүн Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар алууну көздөөдө
RU

Кыргызстан ыш менен күрөшүү үчүн Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар алууну көздөөдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы ыш менен күрөшүү максатында Кыргыз өлкөсү Дүйнөлүк Банктан насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул туурасында Каржы министрлигинин сайтында айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, бул каражат "Бишкектеги турак жайларды жылытуу жана жашылдандыруу боюнча экологиялык чечимдерди илгерилетүү, сапатты жакшыртуу" долбооруна жумшалат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине КР бюджетинен 856,3 миллион сом каралган. Өнүктүрүү фондуна жыл сайын 3,7 миллион доллар түшөт.

2022-жылга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине бюджеттик каражаттарды кошкондо 856,3 миллион сом өлчөмүндө каражат каралган. Бюджеттик каражаттын 628,5 миллион сому (72%) бөлүнгөн, калганы ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин каржыланат.

Мындан тышкары Жаратылышты өнүктүрүү фондунан 3,7 миллион доллар (301,3 млн. сом) өлчөмүндө каражат каралган. Муну менен катар 2022-жылга жана өткөн жылдардагы өздөштүрүлбөгөн каражаттардын калдыктары бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9621