Италиялык ырчы Сафинанын концертине баргандарга билеттин акчасы кайтарылат
RU

Италиялык ырчы Сафинанын концертине баргандарга билеттин акчасы кайтарылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Италиялык опера ырчысы Алессандро Сафинанын Бишкектеги концертине баргандарга билеттин акчасы кайтарылат. Бул туурасында концерттин уюштуруучусу Айгүл Тилекматова Kaktus.media сайтына билдирип, бирок көйгөйлөр бар экенин айтты.

Концерт өтпөй калгандан кийин Тилекматова Бишкектин Свердлов РИИБинде болгон. Ага тез арада акчаны кайтаруу керектиги эскертилген.

"Мен жүзгө жакын көрүүчүгө акчаны кайтарып беришим керек. Бул миллион сомдон ашат. Мен насыя алайын деп жатам, бирок көйгөйлөр бар - банктар акчаны тез эле бербейт экен", - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле ал бардык жарандарга келтирилген зыяндын ордун толтурарын, бирок бул дагы бир аз убакытты талап кыларын билдирди.

"Бул концертти уюштуруунун кесепетинен чоң суммадагы акча коротконумду элестете да албайсыңар. Мени шылуун дешти, андай болгондо мен жок болуп кетмекмин. Жок дегенде көрүүчүлөрдүн бир бөлүгүнө келтирилген зыянды төлөп берейин дегем. Бирок банк менен көйгөйлөр бар", - деп, ырчынын келиши үчүн гана 800 миң сом төлөгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 8-декабрда Бишкекте италиялык белгилүү опера ырчысы Алессандро Сафинанын концерти белгиленген. Бирок италиялык тенор сахнага чыгып музыкалык кечеси болбой турганын, уюштуруучулар анын талаптарын аткарбаганын айткан.

Кийин Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев түшүндүрмө берген. Ал концертти "Керемет дүйнө" коомдук фонду уюштурганын айткан. Маалымат базасында көрсөтүлгөндөй, аталган фонддун негиздөөчүсү Муканов Медет Муканович. Ал фонддун директору болуп саналат.

Ал эми концерттин үзгүлтүккө учурашы боюнча факты милиция тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Бишкек ШИИББден териштирүү улантылып жатканын маалымдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9625