Автокырсыктан каза тапкан Бекжан Темирхандын ата-энесине Бишкектен үй алып беришти
RU

Автокырсыктан каза тапкан Бекжан Темирхандын ата-энесине Бишкектен үй алып беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев башында турган маданият өкүлдөрү, кайрымдуу жарандар автокырсыктан каза болгон ырчы Бекжан Темирхандын ата-энесине, бир туугандарына Бишкектен үй алып беришти.

Сыймык Бейшекеев кабарлагандай, үй маркумдун атасынын атына катталат.

"Борбор калаадагы жаңы конуштан турак үй буйруптур. Баштапкы төлөмүн бердик, дүйшөмбү күнү буюрса, толук акчасын берип үйдү атасынын атына каттатып, керектүү кээ бир эмеректерин алып, кышта жагууга көмүр отунун камдап, көчүрүп киргизебиз. Түлөө берип, Бекжанга куран окутабыз. Колдоо кылган мекендештерибизге алкыш айтабыз, айкөл элден айлансак аздык кылат, баарыңыздарга Бекжандын арбагы ыраазы болсун!", - деп социалдык тармакка билдирүү калтырды Бейшекеев.

Белгилесек, "Эзилип бүттүм" ыры менен таанылган Бекжан Темирхан менен досу 10-ноябрда Кемин районунда жол кырсыгына кабылган. Унаа жолдон чыгып, жардан ылдый оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Бекжан Темирхан окуя болгон жеринде көз жумган. Ал эми Талгар Уланбеков оор абалда ооруканага жаткырылган.

12-ноябрда ырчынын сөөгү туулуп-өскөн Аксы районунун Беш-Коро айылында жерге берилген.

11-декабрда Бекжанды эскерүү концерти өтүп, түшкөн каражат анын көзү тирүүсүндөгү мүдөөсүн аткарууга жумшалмак. Ошондой эле атайын эсеп да ачылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9637