"Шылдыңдап, акча да талап кылышты". Чыңгыз Мамаев Садыр Жапаровго камактан кат жазды
RU

"Шылдыңдап, акча да талап кылышты". Чыңгыз Мамаев Садыр Жапаровго камактан кат жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чет элдик жаранды зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаев тергөө камак жайында жатканына 9 ай болду. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, үй камагына чыгарып же сот иштерин тездетүү тапшырмасын берүүнү суранды. Актёрдун катын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков редакциябызга калтырды.

Кайрылуу катта актёр күнөөсүз экенин, зордуктады деген жалган жалаа экенин белгиледи.

"Укук коргоо органдары тарабынан мага далилсиз, туура эмес, бир тараптуу айыптар тагылып, мыйзамдар бузулуп, укугум корголбой 9 айдан бери камакта отурам. Мен ушул убакка чейин бир да жолу мыйзам бузган эмесмин. Тергөө мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Айрым учурда соттук отурум менин катышуумсуз эле өтүүдө. Мени шылдыңдап, акча талап кылган учурлар да болду", - деп жазат ал.

Чыңгыз Мамаев ден соолугу начарлаганын, анын камакта калуусу үй-бүлөсүнө да таасирин тийгизгенин кошумчалады.

"Учурда ооруп жатам. Бул жалган жалаа үй-бүлөмдүн аброюна да шек келтирди, жубайым микро инсульт алды. Кызым жүрөк оорусуна кабылды. Кыргыз маданияты үчүн алдыда зор кызматым бар эле. Садыр Нургожоевич, менин сот иштерим аягына чыкканча үй камагына чыгара турууну же бул процессти жеке көзөмөлүңүзгө алып, тездетип, эртерээк чечип берүүңүздү суранат элем. Урматтуу президент, урматуу элим, мен Кудай алдында акмын деп ишеничтүү айтам", - деди актёр.

Эске сала кетсек, белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап, актёр 30-августка чейин камакка алынган. Андан бери соттук отурумдар белгиленип, улам кийинкиге калтырылып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9651