Президент Кемпир-Абад боюнча: Жер 1965-жылы эле алмашылып кеткенин унутпаңыздар
RU

Президент Кемпир-Абад боюнча: Жер 1965-жылы эле алмашылып кеткенин унутпаңыздар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, соңку убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан Кемпир-Абад маселесине токтолду.

Жапаров өз сөзүндө кечээ жакында кошуна Өзбекстан менен чек ара маселесине толук чекит коюлгандыгын эске салып, ошол маселеде Кемпир-Абад тилкесин шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылган топтор пайда болду деди.

"Бирок алардын түпкү максаты ишке ашкан жок. Себеби эл маселе кандай чечилгенин толук түшүнүп турду. Кемпир-Абадды дээрлик 70 жылдан бери кошуна Өзбекстан башкарып келген. Бул жолу чогуу башкарууга кирдик, мындан ары бирге башкарабыз. Азырынча муктаждыгыбыз жок, бирок качандыр бир убакта муктаждык жаралып калса, суу сактагычтын айланасындагы айылдарга суу тартып алуу боюнча жаңы келишимге норма киргиздик, биз, эки тарап – өзбек жана кыргыз тарап", - деди Жапаров.

Өлкө башчы качандыр бир убакта келечекте суу муктаждыгы жаралса, суу алуу маселеси камсыздалганын айтты.

"Эгерде ушундай норманы киргизип, чечип койбосок, келечекте эки элдин ортосунда чыр чыгып кетиши мүмкүн. Мурдагы келишимде мындай норма жок эле. Бизде суу чыкса, эмнеге биз өзүбүз колдоно албайбыз, деген маселе көтөрүлүп бизде, эки элдин ортосунда чыр чыгат. Биз мындай норманы киргизүү менен, эки элдин келечек муундарына ынтымакта, тынчтыкта жашашын камсыз кылдык. Эки эл түбөлүк ынтымактуу жашаш керек", - деди ал.

Садыр Жапаров сөзүнүн ортосунда "суу астында жер биздики болуш керек" деген өзгөндүктүктөргө кайрылып, "ооба, жер силердики, бирок ал жер 1965-жылы эле алмашылып кеткенин унутпаңыздар" деп баса белгиледи.

"Кошуналар ошол убакта эле суу басып жаткан жерлер үчүн өз жерлеринен берген бизге. Тарыхый документтер архивде турат. Бирок ошентсе дагы, суу жок болуп, жерлер кургап кеткен заман келип калса, бирок ал заман жакынкы кылымдарда келбейт деп ойлойм, эгер келип калса ошондой заман, бошогон жерден алмашып алабыз, андан эч кам санабаңыздар. Анткени ал жер айыл-чарба багытына мүмкүн болбой кала турган жер болуп калат", - деди Садыр Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9760