Чуу жараткан Оштогу адам өлтүрүү фактысы: Дагы эки адамга издөө жарыяланды
RU

Чуу жараткан Оштогу адам өлтүрүү фактысы: Дагы эки адамга издөө жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 13-январда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аёосуз сабалып, бирөө каза болду. Учурда бул фактынын бетин ачууга байланышкан бир катар иштер аткарылууда.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында профилактикалык жана ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Анын алкагында ИИМдин каттоосунда турган адамдардын бул кылмышка жана башка оор кылмыштарды жасоого катыштыгы бар же жок экендиги текшерилип жатат.

Өткөн суткада адам өлтүрүүнүн бетин ачуу максатында бир нече даректерге ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, дагы эки адамдын тиешеси бар экени аныкталды. Алар Өзгөн районунун тургундары 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек жана 1992-жылы туулган Абдивали уулу Актилек. Учурда аты аталгандар издөөгө алынды.

Учурда профилактикалык жана тергөө иш-чаралары улантылууда.

Белгилей кетсек, бул оор кылмышты уюштурууга шектелип кримтөбөл Кадыр Досонов кармалган. Андан тышкары кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар делинип 3 адам издөөгө алынган. Алардын бири мушкер Коргонбай уулу Эламан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9919