Министрлик сотко кайрылып, "Азаттыктын" ишмердүүлүгүн токтотууну өтүндү
RU

Министрлик сотко кайрылып, "Азаттыктын" ишмердүүлүгүн токтотууну өтүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотуу өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна кайрылды. Бул туурасында министрликтин маалымкатында айтылат.

Маалыматты министрликтен жана "Азаттыктан" ырасташты.

Арызда кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал дале өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген. Министрлик "Азаттык Медиа" "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат" деген пунктту бузуп жатат деп негиз кылат.

"Азаттык Медиасынын" директорунун милдетин аткаруучу Бакыт Асанов Kaktus.media сайтына доо арызды карап чыгып, юристтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн айтты.

"Биз дагы Бишкек шаардык административдик сотуна министрликтин чечими боюнча доо арыз менен кайрылганбыз. Отурум 26-январда болот", - деди Асанов.

Эске салсак, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

Кийинчерээк "Азаттыктын" эсебине бөгөт коюлган. "Демир" банктын өкүлдөрү бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан. Кийинчерээк "Азаттыктын" эсеби боюнча операциялар ТИК/ККЛК (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү) мыйзамына ылайык токтотулганын расмий билдиришкен.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10030