"Азаттык" боюнча АКШнын эки сенатору президентке кайрылуу жолдоду
RU

"Азаттык" боюнча АКШнын эки сенатору президентке кайрылуу жолдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын эки сенатору "Азаттык медианын" айланасындагы кырдаалга байланыштуу президент Жапаровго кайрылуу жолдогон. Анда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендей тынчсыздануусу айтылып, буга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жооп берди.

"Бул сөз эркиндигине жана басма сөзгө өлкөнүн Конституциясы берген кепилдикке каршы келгендей белгиленет. "Азаттык медианын" ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет.

Бул чечимди кабыл алганга чейин министрлик "Азаттык медиа" редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн.

Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган. Башкача айтканда, бул атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыюу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция болгон.

Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө. Дагы бир жолу кайталайм, бардыгы үчүн жалгыз талап иштеп жаткан мыйзамдарды сактоо". - деп айтылат Султанбаевдин билдирүүсүндө.

Эске салсак, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

Кийинчерээк "Азаттыктын" эсебине бөгөт коюлган. "Демир" банктын өкүлдөрү бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан. Кийинчерээк "Азаттыктын" эсеби боюнча операциялар ТИК/ККЛК (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү) мыйзамына ылайык токтотулганын расмий билдиришкен.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10024