Түркиядан өлкөгө кайтууну каалаган кыргыздар үчүн учак даярдалды. Бирок Өзбекстан аркылуу
RU

Түркиядан өлкөгө кайтууну каалаган кыргыздар үчүн учак даярдалды. Бирок Өзбекстан аркылуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Элчи Руслан Казакбаев Түркиядагы кыргыздарга кайрылуу жасады. Анда Өзбекстан аркылуу мекенине кайтууну каалагандарга атайын учак даярдалганын айтты.

"Түркиянын жабыркаган аймактарынан Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Өзбекстандын атайын учагы менен кыргыздарды алып чыгуу боюнча макулдашуу жетишилди. Учак бүгүн, 9-февралда (так убактысы такталууда) Газиантеп-Ташкент багыты боюнча каттам жасайт.

Буга байланыштуу Өзбекстан аркылуу мекенине кайтууну каалаган кыргыз жарандарын Газиантеп шаарындагы аэропортко тез арада келүүсүн суранабыз", - дейт Казакбаев.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: +90 545 6896800, +90 552 8781158, +90 534 8388551.

Сүрөт иллюстрациялык.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10255