Кайрымдуу жарандар топтогон 6 тонна гумжардам түрк элине жөнөтүлдү
RU

Кайрымдуу жарандар топтогон 6 тонна гумжардам түрк элине жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандан Түркияга 6 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Түркиянын Бишкектеги элчилиги билдирди.

"Өлкөбүздө катталган катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында кайрымдуу кыргызстандыктар чогулткан 6 тоннага жакын гуманитардык жардам "Түрк аба жолдору" жана Pegasus аркылуу Түркияга жөнөтүлдү.

Биз кыргыз элине, өкмөтүнө жана Кыргызстандагы диаспораларга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Жөнөтүлгөн жардамдын басымдуу бөлүгү кышкы кийимдер, жууркан-төшөктөр, жаздыктар, уктоочу баштык, балдардын жалаяктары, гигиеналык каражаттар жана тамак-аштан турат.

Ошондой эле 9-февралда ИИМ тарабынан Түркияга гуманитардык жардам иретинде чатырлар, төшөктөр, уктоочу баштыктар, жылыткычтар жана жууркандар жөнөтүлгөн.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10292