Кыргызстан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөт
RU

Кыргызстан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык дарыгерлер Түркияга медициналык жардам көрсөтүү үчүн барышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик госпиталында медициналык жардам көрсөтүшөт.

Белгилүү болгондой, үчүнчү деңгээлдеги дарылоо уюмдарынан – нейрохирург, травматолог, реаниматолог, анестезиолог, кан тамыр хирургу, жалпы профилдеги хирургдан турган жогорку квалификациялуу адистерди топтоду.

Министр Гүлнара Баатырова Кыргызстандын медицина кызматкерлери жер титирөөлөрдүн кесепетинен каза болгон жарандар үчүн боордош түрк эли менен бирге чын жүрөктөн аза күтөрүн белгиледи.

"Түркия биз жардамга муктаж болгондо ар дайым жардам колун сунуп келет, биз дагы боордошторубуз үчүн ушундай оор мезгилде аларды колдоого милдеттүүбүз. Андыктан дарыгерлер тобу Түркиянын жабыр тарткан аймактарына барып, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтөт", - деди министр.

Дарыгерлер өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттары жана тигүүчү-таңуучу материалдар менен камсыз болушат. Ошондой эле дары-дармек жана медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жүк жөнөтүлөт.

Мындан тышкары медициналык кызматкерлер Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын которот.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10295