Министрликтер түрк элине боз үй, чатырларды жөнөтөт
RU

Министрликтер түрк элине боз үй, чатырларды жөнөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтөт.

Аталган министрликтен кабарлашкандай, гумжардам катары аскердик чатырлар жөнөтүлөт. Жалпы 600 адамга ылайык келген чатырлар даярдалды. Ар бирине 20, 30 жана 40 адамга каралып, 4 мезгилге ылайыкташтырылган.

Ал эми Энергетика министрлиги түрк элине моралдык жана материалдык көмөк көрсөтүүгө кол сунду. Тагыраагы, министрликтин кызматкерлери бир күндүк айлык маянасын жана эки боз үйдү жардам катары беришти.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10298