Түркияга дагы 50 куткаруучу жана боз үйлөр жөнөтүлдү
RU

Түркияга дагы 50 куткаруучу жана боз үйлөр жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн бүгүн, 12-февралда куткаруучуларды узатуу иш-чарасы өттү.

"Манас" аэропортунда куткаруучуларды жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандагы Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн атайын учак менен 50 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүчүлөр, 78 боз үй жөнөтүлдү.

Ал эми калган куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи.

Белгилей кетсек, буга чейин кырсыктын кесепеттерин жоюуга Кыргызстандан куткаруучулар тобу жөнөтүлгөн.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10304