Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган шаар толугу менен бузулуп, кайра курулат
RU

Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган шаар толугу менен бузулуп, кайра курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы жер титирөөдөн олуттуу жабыркаган Нурдагы шаарын толугу менен бузуу чечими кабыл алынган. Бул туурасында губернатордун милдетин аткаруучу Осман Билгин айтты деп жазышат чет элдик басылмалар.

Куткаруу иштери аяктагандан кийин бийлик шаарды толугу менен калыбына келтирүүнү көздөп жатат.

"Биз чоң кырсыкты баштан кечирдик. Шаар куруу министри менен биргеликте чечим кабыл алдык: урандылардын баарын тазалап жатабыз, шаар толугу менен талкаланды. Бир эле үйдүн урандысынын астынан 150 адамдын сөөгүн таптык. Шаар кайра курулат", - деген Билгин.

Осман Билгиндин айтымында, Нурдагыдагы издөө-куткаруу иштери учурда акыркы сегиз үйдүн тегерегинде уланууда.

Нурдагы - Газиантеп облусундагы шаар жана район. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыкка чейин шаарда дээрлик 17 миң адам жашаган.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10324