Перизат Суранованы ооруканага алып кетишти
RU

Перизат Суранованы ооруканага алып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Активист Перизат Суранованы ооруканага алып кетишти. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Facebook баракчасына жазгандай, Суранованы Чүй облустук ооруканасына бүгүн, 14-февралда алып кетишти.

Активисттин ооруканага жеткирилгенин, ал операцияга муктаж экенин айтты.

Эске салсак, Перизат Суранова Кемпир-Абад окуясы боюнча башка активисттер менен бирге кармалган. Ал 23-октябрдан бери камакта. Суранова ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар экенин айтып, соттон дарыланууга бошотууну суранган.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10329