Түркияда зилзаладан курман болгондордун саны 36 миңден ашты
RU

Түркияда зилзаладан курман болгондордун саны 36 миңден ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда жер титирөө катталганына 10 күн болду. Бул аралыкта 36 миңден ашык адамдын сөөгү табылганын Anadolu жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, 36 187 адам каза болсо, дагы 108 068 адам жабыркаган.

Ал эми Сирияда каза болгондордун жалпы саны 5800гө жетти.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болгон (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13:24тө – 7,6 балл).

Кыйратуучу жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10360