Тергөө камак жайындагы Клара Сооронкуловага операция жасалат
RU

Тергөө камак жайындагы Клара Сооронкуловага операция жасалат

Все самое интересное в Telegram

Бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен СИЗО-1де отурган Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылат. Буга Жаза аткаруу кызматы уруксат бергенин Kaktus.media сайтына юрист Чынара Жакупбекова тастыктады.

Ал белгилегендей, Сооронкулова операция үчүн жеке клиникага жаткырылышы керек болчу. "Ал өзүн жакшы сезип жатат", - деди адвокат.

Кийинчерээк Жакупбекова ооруканага барып, Сооронкуловадан кабар алды. Жактоочу операция ушул аптада болорун билдирди.

Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Клара Сооронкулованын камактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (58 макала)
Прокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучуларды 20 жылга эркинен ажыратуу сурады
10 Июня 2024, 14:34
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноября 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октября 2023, 09:48
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10416