Кыргыз ырчылары түрк элине көңүл айтып, түркчө ырдап чыгышты
RU

Кыргыз ырчылары түрк элине көңүл айтып, түркчө ырдап чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчылар Султан Садыралиев менен Мыктыбек Нурланбеков "Адамга адам керек" аттуу ырды түркчө аткарып чыгышты. Алар бул аракети менен жер титирөөдөн жабыркап, жакындарын жоготкон түрк элине көңүл айтышты.

Белгилесек, "Адамга адам керек" ыры Султан Садыралиев менен акын Акбар Кубанычбековго таандык. Музыкалык чыгарма пандемия учурунда жазылган.

Ошондой эле ырчы Турдакун Ниязалиев түрк боордошторго дем-күч берүү максатында "Türkiye yaşa" деген ыр жаздырууда. Ыр жакында угармандарга тартууланат.

Белгилесек, Түркияда 6-февралда жер титирөөлөр катталган. Анын кесепетинен 41 миңден ашуун адам набыт болду.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10419