Президент: Жээнбеков менен Атамбаев Бишкектен элдешип, бири-бирин кечиришкен
RU

Президент: Жээнбеков менен Атамбаев Бишкектен элдешип, бири-бирин кечиришкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров мурдагы өлкө башчылар менен жолугушууга эмне түрткү болгонун жана анын максатын "Кабар" маалымат агенттигине айтып берди.

Анда журналист жолугушууда кайсы темада сөздөр болгонун, мурдагы ажолор кандай узап кетишкенине кызыкты.

"Барын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго отургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган.

Андан кийин мурдагы президенттерди чогулттук. Албетте, ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коймок. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти.

Мен сөз баштадым: "Урматтуулар, негизги сөзгө өтөрдөн мурда, сиздерге бир нерсени айтып коёюн. Кыргыз саясатчылары жалган сөздөрдү таратмай адатыбыз бар эле. Тилекке каршы, элибиз дагы ошондой ушактарга тез ишенип алат.

Мен жөнүндө 13 жылдан бери эле "Бакиевден акча алып келип революция кылганы жатат, Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алып шайлоого барды. Экөөнө көз каранды" деген сыяктуу жалган сөздөрдү тараткандар болду.

Кудайдын куттуу жери, пайгамбарыбыздын буту баскан ыйык жерде олтурабыз. Бирөөңөрдөн бир тыйын алган болсом, ушул жерден Кудай алдында айткыла", - дедим. Албетте, жок дешти. Кыскасын айтсам, "ушул жерде отургандардын алдында финансылык дагы, саясий дагы карызым, милдеттемем жок. Менин президент болушума бирөөңүздөрдүн дагы тиешеңер жок.

Бир гана Кудай алдында, анан карапайым элдин алдында милдеттүүмүн. Кудай колдоп, карапайым эл алып келип бийликке койду. Ошондуктан "арабызда олтургандардын арасынан бирөө-жарымга милдеттенмеси барбы" деген ар кандай күмөн ойлордон алыс болуңуздар.

Чогулткан себебим бирөө эле - ынтымакка алып келүү. Башчылар ынтымакка келмейин, башкалар ынтымакка келиши кыйын экен. Ошондуктан тарапташтарыңарды ынтымакка чакыргыла. Чындап келсе мен силердин тарапташтарыңардын колдоосуна деле муктаж эмесмин.

Өзүмдү колдогон 80 пайыз элдин колдоосу деле президенттик мөөнөтүм бүткөнчө жетет. Бирок калган 20 пайыз эл "баланчаевчи, түкүнчөевчи" болуп алты-жетиге бөлүнүп жүрөт. Келгиле, бир эле кыргызстандык бололу. Көрүп турасыздар, дүйнөдө акыбал начар болуп турат. Кыргызстан эми гана бутубузга туруп келатабыз. Былтыр экономикабызда жакшы жылыштар болду. Быйыл андан да жакшы болот. Эмдиги жылы андан беш бетер болот. Кылымдын долбоору болгон темир жол, ири ГЭСтерди куруу иштерин баштадык. Ушундай ири долбоорлорду ишке ашырып алышыбыз керек. Ошондо Кыргызстандын келечеги кең болот. Күчтүү мамлекет болобуз, Кудай буюрса", - дедим.

Менден кийинки сөздү улуулашып Аскар Акаевич улады. Андан соң баары сөз сүйлөп, "ынтымакка келели, бир муштум болуп биригели" деген демилгемди колдоп кубатташты. Баары 4 саатка жакын убакыт жакшы отуруп, анан тарап кетишти", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу (13 статей)
"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты
28 Февраль 2023, 10:21
Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты
21 Февраль 2023, 20:01
Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады
21 Февраль 2023, 18:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10421