"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты
RU

"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курманбек Бакиев Nazarnews агенттигине Кыргызстандын мурдагы президенттеринин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди. Белгилей кетсек, интервьюнун өзү басылманын сайтынан өчүрүлүп, көп өтпөй кайрадан тексти жарыяланды.

Бакиевдин Садыр Жапаров тууралуу ою

Учурдагы президент Садыр Жапаровдун мурдагы президенттердин барын бир дасторкондун тегерегине чогултканы анын саясий жактан жетилгендигинин көрсөткүчү дейт Курманбек Бакиев.

"Ал коомдогу ынтымак үчүн аракет кылып жатат, бул жолугушууда анын жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Мурдагы президенттерди күнөөлөп, популизм жолуна түшсө болмок. Бирок Жапаров оңой эмес, ал туура жолду тандап алган, бул анын өзүнүн саясатын көрсөтүп турат. Адамдык көз караштан да, саясий жактан да өсүш", - деди Бакиев.

Мурдагы президенттердин жолугушуусу жөнүндө

Бакиевдин айтымында, жолугушуу тынч маанайда өттү.

"Коомдогу ажырымды токтотуу керек деген пикирге бардык катышуучулар макул болушту. Мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгы үчүн күтүүсүз болду. Бул катышуучулардын биринчи реакциясынан эле билинип турду", - деди ал.

Алмазбек Атамбаев тууралуу

Курманбек Бакиев экс-президент Алмазбек Атамбаев жыйында "бир аз ичип алганын" айтты.

"Бул боюнча анын маалымат катчысы комментарий берсин. Чогулгандар аягына чейин отурдук, жедик, ичтик деп айтышты. Атамбаевге сөз берилгенде ал дагы Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок ал бир нече стакан ичкенден кийин ал сөзүн башкара албай калган. Бул тууралуу Атамбаевге акырын айттым, андан кийин ал дааратканага барам деген шылтоо менен жыйындан чыгып кетти", - деди Бакиев.

7-апрель жана июнь окуялары тууралуу

"2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана июнь айында түштүктө каза болгондордун өлүмүнө ким күнөөлүү экенин талдап чыккым келбейт, бирок бул менин күнөөм эмес. Буга чейин да бир нече жолу айткам, мен ушул жана башка тиешелүү маселелер боюнча тергөөгө же соттук териштирүүгө катышууга даярмын", - деди Бакиев.

Маектин соңунда журналист качкын президенттен өзүнө козголгон иштер боюнча сурады, Курманбек Бакиев жооп берген жок.

Эске салсак, 17-февралда Садыр Жапаров Дубайда Кыргызстандын бардык экс-президенттери менен жолугушкан. Жапаровдун айтымында, мурунку жетекчилердин баары бири-бирин кечиришкен.

Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер, анын ичинде соттолуп, издөөгө алынган Курманбек Бакиев менен жолуккан фактынын өзү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты.

Алмазбек Атамбаев "Өлкөбүздө тынчтык менен биримдиктин орношу жана Бакиевдердин Кыргызстанга кайтып келиши эки чоң айырмачылык" деп билдирген.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу (13 статей)
Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты
21 Февраль 2023, 20:01
Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады
21 Февраль 2023, 18:50
Президенттердин жолугушуусу тууралуу маалымат каражаттары эмне дешет?
21 Февраль 2023, 14:39
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10550