Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты
RU

Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган Дубайдагы жолугушуу тууралуу пикирин айтты. Айтымында, анын дарегине да суроолор түшүүдө. Мындан улам өз пикирин билдирүүнү чечкен.

"Кечээ жакында Дубайда өткөн жолугушуубузду Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президенти катары эл биримдигин бекемдөө максатында уюштурду. Жолугушуунун бир гана максаты - өлкөдөгү ынтымакты чыңдоо, Кыргызстанды күчтүү мамлекет катары өнүктүрүү, калктын жашоосун жакшыртуу экендигин айтты.

Ажо коомубузду "баланчанчы, түкүнчөнчү" деп бөлбөйлү деп чакырык таштап жатса, анын бул изги тилегин биз, албетте, колдодук.

Жолугуунун катышуучулары баарыбыз тең, толук курамда, аягына чейин отуруп, ар бирибиз колдоо сөздөрүбүздү айттык.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткенден бери мамлекетибизде жакшысы менен кошо жаманы, агы менен карасы жанаша жүрдү. Тарыхыбызда болуп өткөн кайгылуу окуялар ар бир кыргызстандыктын жеке тагдырына таасир эткен. Ошондуктан да бул жолугушуу коомчулук тарабынан ар кыл кабыл алынды. Эмоция менен айтылган ойлор менен катар юридикалык өңүттө да баа берилүүдө. Бул биздин жарандык коомдун күчтүүлүгүн, элибиздин ички эркиндигин дагы бир ирет далилдеди. Президент мына ушул улуттук дараметти жаратмандыкка бурууга туура чакырык таштады.

Президент Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушууга чейин Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду жолуктурганын "Кабар" агенттигине айткан.

Ооба, экөөбүздү элдештирүү максатында президент бир столго олтургузуп, жолуктурган. Экөөбүз тең өз пикирибизди айтып, аягында кол алышып, тараганбыз. Ар бир пенде Кудай алдында жоопкер...

Баарыбызды биримдикке чакырып, президент өз милдетин аткарды. Эми биз да жаран катары милдеттерибизди аткаралы. Ырыс алды ынтымак! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок", - деп Садыр Жапаровдун сөзүн ырастады.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу (13 статей)
"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты
28 Февраль 2023, 10:21
Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады
21 Февраль 2023, 18:50
Президенттердин жолугушуусу тууралуу маалымат каражаттары эмне дешет?
21 Февраль 2023, 14:39
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10402