Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады
RU

Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров уюштурган мурдагы өлкө башчылардын жолугушуусу тууралуу маалыматка дагы бир ирет комментарий берди. Ал мурдагы президенттерди бир дасторконго чогултуп, бир пикирге чакырган Садыр Жапаровдун демилгеси "эмитен эле жемишин бере баштады деп айтууга болот" деп баса белгиледи.

"Себеби өлкөдө ынтымак болсо, туруктуулук дагы бекемделип, инвесторлордун ишенимдүү иш алпаруусу шартталат.

Бишкек шаарына ири 5 жылдыздуу мейманкана салуу ниети менен инвесторлор келишти. Өзүңүздөр билгендей, инвесторлор үчүн эң негизги факторлордун бири - бул өлкөдөгө туруктуулук.

Алдыдагы март айында Мамлекет башчысы 5 жылдыздуу мейманкананын курулушун баштоо үчүн мезгил кутучасын салып, пайдубалын түптөөсү мерчемделүүдө. Учурдан пайдаланып, дүйнөлүк бренддеги 5 жылдыздуу мейманканалардын ээлерине, ири ишкерлерге кайрылам.

Келгиле, келип Кыргызстанга 5 жылдыздуу мейманканаларды салгыла. Мамлекет жерди бекер берет, бажы алымдарынан жеңилдиктер берилет, 3-5 жылга чейин салыктан бошотобуз.

Толук кандуу маалымат алуу үчүн түз эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке кайрылса болот", - дейт.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу (13 статей)
"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты
28 Февраль 2023, 10:21
Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты
21 Февраль 2023, 20:01
Президенттердин жолугушуусу тууралуу маалымат каражаттары эмне дешет?
21 Февраль 2023, 14:39
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10430