Президенттердин жолугушуусу тууралуу маалымат каражаттары эмне дешет?
RU

Президенттердин жолугушуусу тууралуу маалымат каражаттары эмне дешет?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын учурдагы жана мурунку президенттери нейтралдуу аймакта - Дубайда жолугушту. Бул саясий турмушу кызыган жана бийлик тез алмашкан өлкөнүн жаңы тарыхында болуп көрбөгөндөй окуя, деп жазган Би-Би-Си орус кызматы.

Кыргызстанда саясий толкундоолорго алып келген массалык нааразылык акцияларынын натыйжасында үч президент кызматтан кетүүгө аргасыз болушкан. Бул - Кыргызстанды, ага жакын жайгашкан өлкөлөрдөн олуттуу түрдө айырмалап турат. Адатта бийлик окшош сценарий менен алмашат. Эски президент иш жүзүндө мураскер дайындайт. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы аны бекемдейт.

Кыргызстандын президенттеринин айрымдары тактан кулатылса, айрымдары куугунтукка алынган.

Маалым болгондой, жолугушуу өлкөнүн азыркы президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган. Ал дагы 2020-жылы элдик көтөрүлүштөн кийин күтүүсүз бийликке келген. Бул тууралуу Жапаров Facebook баракчасына жазып, кыялы ишке ашканын кошумчалаган.

"Соңку тарыхыбызда журт башына келген президенттердин башын бириктирип, бир ортого чогултсам, бул элди бириктирмек эле деген ой көкүрөктү эзип келген", - деген.

Ырайым мыйзамдан жогорубу?

Жапаров Кыргызстандын мурдагы башкаруучуларынын орток пикирге келүүсү тараптарга бөлүнүүнү, саясий пикир келишпестиктерди көбөйтпөй, элди бириктирүүгө жардам берет деп эсептейт.

"Эгер Кыргызстандын келечегин ойлойлу десек, анда "Акаевчи", "Бакиевчи", "Атамбаевчи", "Отунбаевачы", "Жээнбековчу", "дакансачы" жана башка "чыларды" жок кылышыбыз керек. Өлкөнүн келечегин ойлош үчүн баары биригиши керек (жетекчилер бирикпей туруп, тарапташтары бирикпейт)", - деп чакырган Жапаров.

Бирок мындай жакшы ниетти көптөгөн саясат таануучулар ар кандай өңүттө кабыл алышты. Аларды ойлонткон суроолордун башында: өлкөнүн биринчи адамынын мындай аракеттеринин мыйзамдуулугу шек жаратат. Жактоочу Толкун Бекбулатованын айтымында, Жапаровдун аракети өлкөнүн мыйзамдарын, тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексинин өзгөчө оор кылмышты жашыруу беренесин бузуп жатат.

Себеби, жолугушууга Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев да катышкан. Ал 2010-жылдагы "жоогазын ынкылабындагы" демонстраттардын өлүмү үчүн сырттан 24 жылга эркинен ажыратылган. Элдик көтөрүлүштү басуу үчүн ал элге ок атууга буйрук берип, натыйжада 84 адам өлүп, дагы 1500 адам жаракат алган. Бакиев төңкөрүштөн кийин өлкөдөн чыгып кетип, үй-бүлөсү менен Беларусияда жашынып жүрөт.

Кыргызстандын бийлиги өзгөчө оор кылмыш жасаган деп Александр Лукашенкону Бакиевди мекенине депортациялоого бир нече жолу чакырган.

Садыр Жапаров депутаттык карьерасын Бакиевдин тушунда баштап, 2013-жылга чейин кызматтык тепкичтен тез көтөрүлгөн.

"Жолугушуу Кыргызстанды бириктирүү, элдин ынтымагы үчүн болгон эмес. Азыркы бийлик Бакиевдики менен байланышы бар экени бир нече жолу айтылды жана бул жолугушуу бул божомолду тастыктады. Отунбаева, Жээнбеков жана Атамбаев Кыргызстанда жашайт, алтургай Акаевдин да өлкөгө келүүгө мүмкүнчүлүгү бар.Бир гана Курманбек Бакиевде андай мүмкүнчүлүк жок. Азыр көпчүлүк үчүн кыргыз элинин алдында өзүн реабилитациялоо жана алардын каржылык агымын мыйзамдаштыруу маанилүү", - деди саясат таануучу Аида Алымбаева.

Эски таарынычтарды кечирүү

Жолугушууга Алмазбек Атамбаевдин дагы катышканы көптөгөн суроолорду жаратат. Себеби, ал Дубайдагы президенттердин жолугушуусунан бир канча күн мурун, Испанияда дарылануу үчүн абактан чыккан. Ал кримтөбөлдү мыйзамсыз бошоткон (азыр кайра каралып жатат) иш боюнча 11 жылга эркинен ажырап, анын 3,5 жылын түрмөдө өткөрдү. Бирок дагы деле бир нече башка кылмыш иштери боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Атамбаевге 2019-жылдагы Кой-Таш жана 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу массалык башаламандыктарды уюштурган жана коррупциялык иштер боюнча айыптар тагылган.

Айтмакчы, жолугушуунун катышуучуларынын ичинен жалгыз Атамбаев бул боюнча ачык комментарий берди: ал "англисче чыгып кеттим" деп билдирди. Буга Атамбаевдин Facebook`тагы билдирүүсүнө караганда, Бакиевдин мекенине кайтып келиши тууралуу талкуу себеп болгон.

"Өлкөбүздө тынчтык менен биримдиктин орношу жана Бакиевдердин Кыргызстанга кайтып келиши - бул эки чоң айырма. Айкалыштыруу таптакыр башка жыйынтык берет. Өтө көп кан төгүлдү, өтө көптү унутууга болбойт. Албетте, күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Биринчи каза болгондордун жакындары аларды кечириши керек. Президент Садыр Жапаров мени угуп, туура чечим чыгарат деп үмүт кылам", - деген Атамбаев.

Ал ошондой эле жолугушуунун анык максатын билбей эле барып калганын айткан.

Атамбаев парламенттин чечими менен кол тийбестигинен ажыратылып, 2019-жылы сотко келүүдөн баш тарткандан мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айтыптап жатышат.

Атамбаев Роза Отунбаевадай (Кыргызстанда "Жоогазын революциясынан" кийинки өткөөл мезгилде бийликте турган Борбордук Азиядагы жалгыз аял президент) эле өз ыктыяры менен президенттик кызматтан өз убагында кеткен. Ал бийликти партиялашы Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берип, бирок эки жылдан кийин экөөнүн тиреши ачыкталган.

Партиялаштар болгону менен (СДПК) Алмазбек Атамбаевдин Жээнбеков менен да, Отунбаева менен да мамилеси оор. Алар Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандагы революциянын башында турушкан.

Атамбаев Садыр Жапаровду өч алууга жана куугунтуктоого айтыптап келген.

Жапаровдун да мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деген айып менен соттолгон Атамбаев менен мамилеси оор, а бирок анын Бакиев менен жакшы мамилеси бар. Анткени Жапаров саясий карьерасынын негизги бөлүгүн анын тушунда өткөргөн. Бакиев өз кезегинде 2005-жылы Кыргызстанда болгон биринчи төңкөрүштөн кийин бийликке келген.

"Алар өздөрүн ким деп ойлоп жатышат?"

Жапаровдун тарапташтары анын идеясын кызуу колдоп жатышат. Алардын арасында саясатчылар, коомдук ишмерлер жана блогерлер бар.

"Мындай жаңылык Кыргызстандын соңку тарыхында кайталануучу кайгылуу окуяларга чекит коюшу мүмкүн", - дейт Instagram баракчасында миллиондогон катталуучулары бар телеалпаруучу жана блогер Назира Айтбекова.

Ошол эле учурда жолугушууну сындагандар да бар.

"Алар өздөрүн ким деп ойлоп жатышат? Байкуш кыргыз элим. Демократияга жакындаш үчүн улам жасалган кадам - барган сайын кымбат туруп жатат. Мыкты уулдарыбыздын өмүрү менен эсептешип жатабыз. "Эркиндик үчүн" окко төш тосуп, алакан менен БТРге каршы туруудабыз. Анын баары эмне үчүн? Кийин бул президенттер "Так талашуу оюну" духунда жолугушууларды өткөрүп, бири-бирин кечиришсин деппи?!" - деп нааразы болду саясат таануучу Аида Сасыбаева. "Пресс-релизде ошентип эле жазышкан: "Президенттер бири-бирин кечиришти". Бирок алардын бири-бирине болгон жеке мамилесинин эмне байланышы бар? Жеке жашоодо каалаганын кылышсын бирок мыйзам деген мыйзам! Кыргыздар мамлекетте мыйзам үстөмдүк кылышы үчүн жанын беришкен! Эмнеси түшүнүксүз бул жерде?!".

Жапаров чыныгы кылмышкерлер менен жолугуп жатканда Кыргызстандын өзүндө саясий мотивдер менен адамдарды куугунтуктоо уланып жатканын социалдык тармактардын колдонуучулары ​​эске салып жатышат.

2022-жылдын декабрында бийлик Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү боюнча өкмөттүн чечимин сындаган жыйырмадан ашык активист, саясатчылар жана блогерлерди камакка алган.

Бул иш боюнча дагы бир нече адам камакта, алардын арасында Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова да бар.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу (13 статей)
"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты
28 Февраль 2023, 10:21
Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты
21 Февраль 2023, 20:01
Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады
21 Февраль 2023, 18:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10417