Президенттердин Дубайдагы жолугушуусу. Кемпир-Абад боюнча кармалгандар агынан жарылды
RU

Президенттердин Дубайдагы жолугушуусу. Кемпир-Абад боюнча кармалгандар агынан жарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эгемендүүлүк алган жылдарынан берки президенттерин чогултуп, биригүү демилгесин көтөргөнүн айткан. Бул жолугушууга Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалып, тергөө абак жайында отурган активист, саясатчылар нааразы болушуп, билдирүү жасашты.

Алар билдирүүсүндө элдин ынтымагы, Кыргызстандын бүтүндүгү, келечеги, биримдигине байланыштуу ар-кандай жолугушуу, сүйлөшүүлөрдү колдоп, кубаттай турганын айтышат. Бирок...

  • Качкын, соттолгон жана айрым экс-президент макамы бар Кыргызстандын мурдагы өлкө башчылары менен азыркы президенттин нейтралдуу аймакта жашыруун жолугушуусу, "бир муштумга" биригиши Конституция менен мыйзамдарын бузгандык жана кыргыз элин сыйлабагандык деп эсептейбиз. Анткени үч президенттен экс макамы расмий алынган, соттолгон адамдар. Экөөнүн макамдары парламентте каралганы жатат. КРнын мыйзамдарына ылайык, президент мындай соттолгон адамдарга эгерде алар расмий кайрылса, ырайым кылганга гана укуктуу. Мамлекет башчы катары чет өлкөдө андай адамдар менен жашыруун жолугушуу укуктук, демократиялык өлкөлөрдө президентке импичмент маселесин козгоого негиз болот.
  • Кыргызстандын келечегине доо кетиргендер, бүтүндүгүн бузгандар, кыргыз элин ушул абалга алып келгендер дал ушулар эмес беле?! Президент элди бириктирүүчү персондорду тандоодо жаңылган. Алар чет элде качкын катары жүрүшсө да ушул күнгө чейин элди "наркомандар", "бандиттер", "бомждор", "алкаштар" деп шылдыңдап жүрүшкөнүн президент билбейби?!
  • Бизде 30 жыл ичинде Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Кемпир-Абад жана башка жерлерибиз, "Кумтөр", Жер-Үй кен-байлыктарга, "КыргызГазга" окшогон стратегиялык обьектилерге чет элдиктер ээлик кылды. Завод, фабрика, колхоз-совхоз жана башка элдин 70 жылдык байлыгы таланды, тонолду. Элибиз, айрыкча жаштарыбыз жумушсуздуктун айынан чет жерлерге тентип жүрүшөт! Эми ушул мурдагылар менен азыркы президент бир муштумга бириксе эле Кыргызстан кубаттуу болуп кетеби?!
  • Бет тырмоочулуктун да, жалпы кыргызга себепсиз жалаа жабуунун да чеги болуу керек. 30 жылда эл бийлик талашып же ынтымагы кетип көчөгө чыккан жок.
  • "Азыр бизде түндүк-түштүк болуп улам бир президенттин жактоочулары болуп... кыргыз калкы жетиге бөлүнүп турган учуру" – деп көчөдөгү бир провокатордун сөзүндөй ойду президенттин расмий билдирүүсүндө айтылышы элди атайын бөлүп-жарганга барабар! 30 жылдан бери эле Акаевдин айланасындагы кошоматчы, алдамчылар улам кийинки президенттин жактоочулары болуп эле жүрүшөт. Кыргыз эли жетиге бөлүнгөн эмес, бөлүнбөйт!
  • Эгерде кайсы бир качкын, соттолгон, экс-президент макамы алынган президенттердин тарапташтары элди бөлүп, жарып, мыйзамсыз аракеттерди жасашса, тийиштүү чара колдонуу бийликтин милдети.
  • Мурдагы журт башчылары "өткөндөрдү сууга ташташканын", "бир муштумга биригишкенин" кыргыз эли кабыл алабы? Мисалы алардын бир муштумга бириккенин кабыл албайбыз.
  • Аларды кыргыз эли кечиреби? Булардын бирин-бири кечиргенинен колхоз-совхоз, завод-фабрика, элдин башка байлыгы калыбына келеби? Уурдалган, тонолгон элдин 70 жыдык байлыгын алар төлөп беришеби? Элдин моюнуна түшкөн сырткы карыздарды төлөп беришеби? Аксы шейиттерин, апрель баатырларын, 2010-жылдагы июнь окуясында, 2021-жылдагы жана 2022-жылдагы тирилтип беришеби? 25 жыл уурдалган Кумтөрдүн кен-байлыктарын, экологиялык зыяндардын ордун толтурушабы? Үзөңгү-Куш, Каркыра, Кемпир-Абад жана башка жерлерибиз кайра кайтабы?
  • Президент ушул билдирүүсүн жазып жатканда, акыркы эки жылда президентти же анын жакындарын сындап койгон эле ондогон жаш блогер, журналисттер куугунтукталып, камалып жатканын эстеди бекен? Же Кемпир-Абад үчүн өз ой-пикирин ачык билдиргени үчүн эле эң оор кылмыш жасагандай "жапырт" тинтүүгө алынып, мыйзамсыз камалышкан 30дай адам жөнүндө кандай ойдо болду экен? Себеби, жашы 70тен ашкан энелер, балалуу келиндер ооруганына карабай түрмөдө 6 айга камалганы мурда тарыхта болбогон жорук. Кыргыз аял затын түрмө эмес, кара жумуш менен да жазалаган эмес! Элге кечиримдүүлүк, сабырдуулук, ата-бабалар наркын айткандар ачуу чындык сөзгө чычалап, күчүн аял затына чыгарган, мыкаачылык наркты кайдан алышты?! Мыйзамсыз камакта отурушкан Кемпир-Абадчылар!.
Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10444