Президент кыргыз куткаруучуларынын Түркиядагы ишин баалап, сыйлоо боюнча тапшырма берди
RU

Президент кыргыз куткаруучуларынын Түркиядагы ишин баалап, сыйлоо боюнча тапшырма берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 22-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кабыл алды. Президенттин администарциясынан кабарлашкандай, мамлекет башчыга кыргыз куткаруучулары тарабынан Түркияда жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат берилди.

Бообек Ажикеев жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 120 адамдан турган атайын топ дароо Түркияга жөнөтүлгөнүн айтты. Министр белгилегендей, атайын топко куткаруучулар, медиктер, кинологдор жана психологдор кирген. ӨКМ тарыхында биринчи жолу кыргызстандык куткаруучулар өлкөдөн сырткары куткаруу миссиясы менен чыгышты.

Министр Кыргызстандан барган куткаруучулардын командасы чоң иш аткарганын - өз өмүрүн тобокелге салып, куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде жаш балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишкендигин баса белгиледи.

Андан тышкары Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, ал жакта жашаган жана окуп жаткан мекендештер, жеринде чоң жардам, колдоо көрсөтүштү.

Садыр Жапаров куткаруучуларга Түркиядагы ири кыйроолорго алып келген жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, алардын иш-аракеттерин "профессионалдуу, жакшы уюшкан жана натыйжалуу" деп атады.

Ошондой эле издөө-куткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү министрге тапшырды.

Бул башкаларга да стимул болорун, алар мындан да мыкты иштеп, өз кесибинде өсүүгө умтула турганын баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда президент өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жаз-жай мезгилине мүнөздүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүү керектигине токтолду.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10453