Түрк сейсмологу кастыкты козуткан деген шек менен кармалды
RU

Түрк сейсмологу кастыкты козуткан деген шек менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиялык сейсмолог "коомдо жек көрүүнү жаратып, кастыкты козуткан" деген шек менен кармалды. Мындай маалыматты TGRT телеканалы кабарлады.

Андагы маалыматта, Стамбул техникалык университетинин геофизика факультетинин профессору, жер титирөө боюнча адис Өвгүн Ахмет Эржан Twitter`ге жалган билдирүүлөрдү жазган деп айтылат. Маселен, профессор постторунун биринде жер титирөөдөн кыйраган Кахраманмарашта аскерлердин кечигип келгендигине (2 күндөн кийин) байланыштуу аялдар зордукталганын айткан.

Андан тышкары Ахмет Эржан Малатьядагы жер титирөөдөн кийин миңге жакын баланын жоголгондугун, алар органдар үчүн же балдар порнографиясына тартуу үчүн мафия тарабынан уурдалган болушу мүмкүн деген билдирүүсүн да жарыялады.

Сейсмолог социалдык тармактагы акыркы билдирүүсүндө жакындарынан айрылган жаш кыздарды имамдар күч менен күйөөгө берип, белгисиз бирөөлөр алып кетип жатканын жазган.

Мындай билдирүүлөрүнөн кийин 28-февралда Өвгүн Ахмет Эржан Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен кармалган.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10597