Бишкекте депутат ресторандын коопсуздук кызматкери менен мушташа кетти
RU

Бишкекте депутат ресторандын коопсуздук кызматкери менен мушташа кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги ресторандардын биринде 11-март күнү кечинде бир топ кишилер менен мекеменин коопсуздук кызматынын ортосунда мушташ чыккан.

Социалдык тармактарда тараган видеодо мушташка катышкан адамдардын арасынан депутат Жаныбек Абировго окшош адамды да көрүүгө болот.

Укук коргоо органдарынан депутат мушташ болгон жерде эл өкүлү да болгонун Kaktus.media редакциясына ырасташты.

Видеодон топ кишилер жулмалашып, Жаныбек Абировго окшош адам бир кишини уруп-согуп атканын көрүүгө болот.

Белгилүү болгондой, бул факт Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10852